«freedomhouse.kg» коомдун адам укуктары жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн Кыргызстандын түштүшгүндө иштеген бей-өкмөт уюмдар менен өнөктөштүк издейт

Негизги өнөктөштөр

«freedomhouse.kg» уюму USAIDтин Кыргызстанда адам укуктарын бекемдөө (SHRK) программасын аткаруу үчүн өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан бей-өкмөт уюмдар менен өнөктөшүүгө кызыктар.

Уюмдун максаты – бул «Негизги өнөктөштүк» деген гранттардын алкагында эки ийгиликтүү уюмду тандап алып, аларга 2016-жылдын март айынан тартып алты айга бөлүнгөн 50 миң АКШ доллары суммасындагы  гранттарды берүү.  Бардык иш-чаралар Кыргызстандын түштүгүнө гана багытталат, бирок  жалпы өлкөлүк да деңгээлде болушу мүмкүн.

«freedomhouse.kg» өзүнүн тандап алган негизги өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын түштүк областтарында адам укуктары жөнүндө калктын аң сезимин көтөрүү боюнча маалымат кампанияларды иштеп чыгат. «freedomhouse.kgтун» стратегиясы – бул Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү менен тыгыз иштөө.

Коомдун аң-сезимин көтөрүү боюнча ушул демилгелерди аткаруунун натыйжасында, төмөнкү жыйынтыктардын келип чыгышы күтүлөт:

  • Эл Кыргызстандагы адам укуктар боюнча мыйзамдарды көбүрөөк биле баштайт;
  • Эл өкмөттүн адам укуктары боюнча жасап жаткан иштерин жана демилгелери жөнүндө көбүрөөк биле баштайт;
  • Жаштар укук коргоо жаатында активдүү катыша баштайт;
  • Кыргыз өкмөтү жана министрликтер өзүнүн адам укуктары жөнүндө стратегиясын калың элге
  • Жакшыраак жеткире баштайт /коммуникациясын жүргүзө алат;
  • Калктын аярлуу катмарлары өздөрүнүн укуктарын жакшыраак коргой баштайт.

Негизги өнөктөштөр USAIDдин «Биргелешип Башкаруу» программасына кошулуусу керек, анткени бул программа аркылуу уюм  жарандык коомдун уюму катары баалоодон өтө алат жана уюм катары өзүнүн дараметин /потенциалын бекемдөөгө колдоо ала алат.

Өзгөчө адам укуктары тарабында иштеген мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен иштеп келген, жана «электен өткөн» жана ишенимге кирген уюмдардын бул конкурска катышуусу жакшы болот.

Бул конкурска ким катыша алат:

Бей-өкмөт уюмдар жана коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде Кыргызстанда катталган коомдук бирикмелер жана фонддор катыша алат. Физикалык тараптар жана мамлекеттик уюмдар жана мамлекеттин менчиктеги уюмдар жана анда иштеген адамдар катыша албайт.

Ийгиликтүү өнөктөш төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  • Беш жылдык иш тажрыйба, долбоорлорду ийгиликтүү аткаргандыгы жөнүндө далил;
  • Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкандыгы;
  • Адам укуктары же коомчулук менен коммуникация жагында чыныгы тажрыйба;
  • Мамлекеттик органдар менен бирге долбоорлорду алып баруу боюнча чыныгы тажрыйба;
  • Мындан мурда жок дегенде 20 миң АКШ долларындагы суммасындагы грантты башкаруу тажрыйбасы;
  • Сатып алуу боюнча уюмдун кабыл алгынган процедуралары;
  • Толук жумуш күн иштеген уюм кызматкерлери.

Документтерди тапшыруу:

Документерди тапшыруу эки стадиядан турат:

  • Сунушталган иш-чараларды, уюмдун стратегиясын ачык көргөзгөн жана толтурган билдирме\заявка, жана кызыкдарлыкты билдирген кат
  • Буга чейин иштеген өнөктөш же донорлордон эки рекомендация
  • Уюмдун резюмеси – анын ичинде аткарылган негизги долбоорлорду так көрсөтүлүшү

«freedomhouse.kgтун» кызматкерлери келип түшкөн бардык заявкаларды карап чыгып, тандалган  кандидаттар менен түзмө-түз байланышат, алар менен долбоорду андан ары иштеп чыгуу же грант боюнча документтер боюнча иш алып барат. Заявкаларды карап чыгуу жана уюмдарды тандоого 30 жумуш күн кетет.

Документерди тапшыруу жана акыркы мөөнөт:

  • Заявкаларды акыркы мөөнөткө жеткирбей бул email ге жөнөтүңүз: eurasia@freedomhouse.org
  • Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2016-жылдын 30-январы, саат 18:00 (Бишкек убактысы)
  • Документтер англис, кыргыз, же орус тилинде, жана Word и Excel форматында болушу керек.

Билдирме