freedomhouse.kg кыргызстандыктарды Кыргыз Республиканын Конституция күнү менен куттуктайт!

5-май негизги мыйзам майрамы белгиленилет. Азыркы эгемен Кыргыз Республикасынын Конституциясы реферундумда 2010-жылы кабыл алынган, мурункусу Жогорку Совети менен бекитилген.

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН ЭРКИНДИКТЕРИ

Биринчи глава

Негизги укуктар жана эркиндиктер

16-берене.

1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык.

Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет[…]

2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат[…].

«freedomhouse.kg» – эгемендүү уюм, ал өзүнүн ишмердигин дүйнө жүзүндө аткарат, эркиндик абалды көзөмөлдөйт, демократиялык өзгөрүүлөрдүн жана адам укуктарын илгерилетүүсүн колдойт.

Бул кутуктоо Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды.Басылманын мазмуну үчүн  freedomhouse.kg жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес. 

.